Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды


"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

«Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек», — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын "Клооп" (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда "жалган маалымат" берилгени белгиленген.

"Kлооп" бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG