Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Батыш өлкөлөрү Орусиянын бензин менен дизелинин баасына чек коюуну макулдашты


Күйүүчү май куюучу жабдуу. Иллюстрациялык сүрөт.
Күйүүчү май куюучу жабдуу. Иллюстрациялык сүрөт.

G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөр, Евробиримдик жана Австралия Орусияга Украинадагы согушту улантышына түрткү берип жаткан кирешесин кыскартуу үчүн эми орус мунай заттарынын баасына чек коюуну макулдашты. Товардын наркынын жогорку чеги тууралуу чечим 5-февралдан тартып күчүнө кирет.

Ага ылайык, Орусиянын дизелдик отуну менен бензининин баррелинин жогорку баасы 100 доллар деп коюлду. Бул өлкөдөн чыккан мазуттун баррелинин өйдөңкү баасы 45 деп бекитилди.

Башкача айтканда, аталган өлкөлөр баасы ушул чектен төмөнкү товарларды ташыгандарга гана техникалык, брокердик жана камсыздоо кызматтарын көрсөтөт. Андан кымбат алгандар тейленбейт.

Bloomberg тиешелүү агенттиктерге таянуу менен жазгандай акыркы айларда Орусиянын бензини менен дизел отунунун баасы баррелине 100 доллардан болуп турган. Айрым жерлерде дизел 125 доллардан да сатылчу.

2022-жылдын декабрында “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөр Орусиянын мунайынын баасына чектөө киргизүүнү макулдашты. Ага ылайык, орус мунайынын бир баррелинин жогорку баасына 60 долларлык чек коюлган. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынат.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга жооп кылып, аталган чараны кабыл алган өлкөлөргө мунай жана мунай заттарын сатууга тыюу салган. “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөр, Евробиримдик жана Австралия мартта бул чечимди кайра карап чыгарын пландап жатат. Алар чекти дагы төмөндөтүшү ыктымал.

Мунайдан жана мунай газдарынан жасалган товарлар мунай заттар (нефтепродукты) деп аталат. Ага бензин, дизел отуну, керосин, мазут, битум, лигроин сыяктуу заттар кирет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG