Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Temirov LIVE Акылбек Жапаров Алматыга 1 млн. сом менен учканын маалымдады


Temirov LIVE каналынын иликтөөсүндө Акылбек Жапаров учуп барып келди деген учактын сүрөтү.
Temirov LIVE каналынын иликтөөсүндө Акылбек Жапаров учуп барып келди деген учактын сүрөтү.

Журналист Болот Темиров YouTube порталындагы Temirov LIVE каналына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга учуп барып келгенин иликтеп, анын чыгымы 1 миллион сомдон ашканын жарыялады.

Темировдун командасы учактын үлгүсүн расмий кортеждеги автоунаасынын терезесиндеги элеси аркылуу таап, flightradar24 сайтындагы аба транспортторунун каттамы менен тастыктаган. EX-8802 номерлүү менчик борту латвиялык Магонис Угис аттуу ишкердин Кыргызстанда катталган фирмасына таандык. Анын Бишкектен Алматыга барып-келүү акысы 12400 евро. Муну кыргыз валютасына которгондо 1 млн. 165 миң сом чыккан.

Президенттин администрация жана Министрлер кабинети иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча билдирүү бере элек. “Азаттык” алардын басма сөз кызматынан түшүндүрмө алуу үчүн байланышып, комментарий ала албай жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга 3-февралда өткөн эл аралык Digital Almaty форумуна катышуу үчүн барган.

Буга чейин Temirov Live каналы президент Садыр Жапаровдун Бээжинге сапарынын чыгымын иликтеген. Журналисттер президент Кытайга Embraer Lineage 1000 бизнес-класстагы учагы менен барганын аныкташкан. Андан мурун президент дал ушундай эле учак менен Шотландиянын Глазго шаарында өткөн экономикалык саммитке барган.

Temirov Live каналынын маалыматында, мындай жеке учактын бир сааттык ижара акысы болжолдуу түрдө 11 700 долларды түзөт. Бишкектен Бээжинге чейин учуу убактысы 4,5 саатка созулса, буга 52 650 доллар (4 400 000 сом) кеткенин эсептеп чыгышкан.

Президенттик администрация мында өлкө башчысы учкан учактын баасы өлкө бюджетинен төлөнбөгөнүн маалымдаган.

Кыргызстандын күч органдары журналист Болот Темиров Орусиянын жараны экенин маалымдап, ал кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деген айып таккан. Ишти караган Бишкек шаардык соту былтыр, 23-ноябрда журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Ал ошол эле күнү Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кеткен.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердигине байланыштырган. Ал буга чейин кыргыз бийлигин сындаган иликтөөлөрдү чыгарып келген. Темиров Фейсбуктагы баракчасына 2-февралда билдирүү жазып, өзү түптөгөн Темиров LIVE жана "Айт Айт Десе" командасы ишин уланта берерин билдирди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG