Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнүн абалы менен таанышты


Президент Садыр Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө кызмат кылган жоокердин кийимин көрүп жатат. 5-февраль, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө кызмат кылган жоокердин кийимин көрүп жатат. 5-февраль, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер, жоокерлер менен баарлашты. Ал ошондой эле аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Кой-Таштагы 73809 аскердик бөлүгү Коргоо министрлигинин Кургактагы күчтөрүнө карайт.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда Коргоо министрлигине Беларустан алып келинген “Печора-2 БМ” мобилдик зениттик-ракеталык комплексин тапшырган. Аны тапшыруу учурунда МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынганын билдирген. Ал ошондой эле “дүйнөдө түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту күчтөндүрүүнү талап кылып жатканын, Куралдуу күчтөрдү чыңдоо улантыларын” билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG