Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Венера Жуматаева: Азыр ЖМКны жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес


"Азаттыктын" директору Венера Жуматаева, "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Асанов. 2023-жылдын 7-февралы.
"Азаттыктын" директору Венера Жуматаева, "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Асанов. 2023-жылдын 7-февралы.

"Азыркы заманда маалымат каражатын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес", - деди 7-февралда Бишкекте сөз эркиндигинин жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып радионун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева.

Ал "Азаттыкты" бөгөттөө аракети башталгандан бери медианын өзүнүн ишинде өзгөрүү болбогонун, азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөр шартында маалымат каражатын жаап коюу мүмкүн эместигин белгиледи:

“Биз мурда кандай иштесек, ошондой эле иштеп жатабыз. Баткенге биздин кабарчылар биринчи болуп жетип барып, чек арадагы окуя боюнча 70-80 саат видео таратышыптыр. Азыркы заманда маалымат каражатын жаап салуу мүмкүн эмес. Биз кайсы жерден болсо да иштей беребиз. Кыргызстан жөнүндө жазып, чагылдыра беребиз, дүйнөгө кыргыз тилиндеги маалыматты тарата беребиз”.

Жуматаева “Азаттыкка” колдоо көрсөтүп жаткандардын баарына ыраазычылык айтып, бийлик да сүйлөшүүлөрдү токтотуп салбаганын, түзүлгөн абалдан чыгуу жолдорун издөөгө даярдыгын билдирип келатканын кошумчалады.

Былтыр октябрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин алдында 30-40 адам чогулуп, коркутуп-үркүткөнүн, буга далилдер бар экенин айткан Жуматаева милицияга арыз жазылганы менен ушу күнгө чейин тергөө жүрбөгөнүн, иш да козголбогонун белгиледи.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча кезектеги сот отуруму 17-февралга белгиленди.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG