Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Жапаров: Бишкек жана Ош чоң кыштакка айланып калышы мүмкүн, андайга жол бербөө керек


Ош шаары. Архивдик сүрөт.
Ош шаары. Архивдик сүрөт.

Борбор калаа Бишкек да, Ош шаары да келечекте чоң кыштакка айланып калышы ыктымал деген кооптонуу бар экенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаардык коллегиясынын былтыркы жылдын жыйынтыгын жана быйылкыга пландарды талкуулаган кеңейтилген жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн 8-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров андайга жол бербөө керек экенин, Ош чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү үчүнчү шаар деген атына жарашкан, тарыхый макамы бар алдыңкы шаар болушу зарылдыгын белгиледи.

Жыйында мэриянын жакшы иштеген кызматкерлери сыйланып, иши начар дегендерге жаза чарасы каралганы белгилүү болду.

Шаарды таза суу менен камсыз кылуу, автомобилдик жолдордун жетишсиздигинен улам пайда болуп жаткан тыгын маселеси, шаардык бюджет туура пландалбагандыктан негизги багыттарга көңүл бурулбай калып жатканы башкы үч көйгөй экени айтылды.

Жапаров шаар бюджетин толтуруу мүмкүнчүлүктөрү жакшы колдонулбай жатканын, көмүскө экономика курч экенин айтты.

Республикалык маанидеги Ош шаары Кыргызстандын административдик, саясий жана маданий-тарыхый борборлорунун бири. Шаар калкы, расмий маалыматка караганда, 300 миңден ашуун адамды түзөт.

Шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси көптөгөн жылдардан бери талкууланып, бирок толук чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG