Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Түркиядагы зилзалада төрт казак жараны дайынсыз экени айтылууда


Зилзаладан кийинки абал. Сүрөт Сирияда тартылган.
Зилзаладан кийинки абал. Сүрөт Сирияда тартылган.

Түркиянын Казакстандагы элчиси Уфук Экежи 8-февралда Астанадагы пресс-конференцияда жер титирөөдөн кийин төрт казак жараны дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди:

"Канча жарандын дайынсыз жоголгону тууралуу расмий кабар жок. Бирок соцтармактагы маалыматтарга караганда, Казакстандын төрт жараны дайынсыз болууда. Үчөө Хатай облусунда, бирөө Аданада жоголгон".

Үч күндүн ичинде казакстандыктар Түркиянын жарандарына жардам катары 90 миң доллардан ашык акча чогултушту.

Буга чейин казакстандык ыктыярчылар жана ишкерлер Түркияда элге боз үй тигүү аракетин көрүп жатканы маалымдалган. Элчи боз үйдүн канчалык натыйжалуу болорун ал жактагы адистерден сураш керектигин айтты.

Мурдараак жер силкинген аймактарда бир казак жараны, 13 өзбек жараны дайынсыз жоголгону айтылган.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштак талкаланды. Уранды астынан миңдеген киши куткарылды.

Акыркы эсептер эки өлкөдө 11 миңден ашуун адам өлүм, бир канча шаар-кыштак талкаланганда он миңдеген тургун жараат алганын көрсөтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG