Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Лондон: Зеленский "Украинанын жеңиши дүйнөнү өзгөртөрүн" айтты


Риши Сунак жана Владимир Зеленский
Риши Сунак жана Владимир Зеленский

8-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондонго барганда Орусиянын агрессиясынан коргонууга көрсөткөн жардамы үчүн Британияга ыраазычылык билдирди. "Украинанын жеңиши дүйнөнү өзгөртөт" деген Зеленский орус кошуундарын сүрүп чыгаруу үчүн Батышты көбүрөөк курал-жарак жеткирүүгө үндөдү.

Зеленский британ премьер-министри Риши Сунак менен жолугуп, андан соң парламентте сөз сүйлөдү. Ушул эле күнү падыша Чарльз менен да жолукту.

Британ өкмөтү премьер Сунак менен украин лидери алыс аралыкка атылчу ракеталык техниканы Киевге жеткирүү маселесин талкуулай турганын билдирген. Мындай курал Украинанын маанилүү инфраструктурасын бутага алган Орусиянын күчтөрүнө каршы колдонулат.

Ал арада Лондон Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялады. "Кара тизмеге" курал-жарак чыгарган "Ростехкомплект", "Оборонлогистика" жана "ZALA Aero" ишканалары илинди.

Соңку айларда Батыш өлкөлөрү Украинага согуштук танктарды берүүгө макул болду. Зеленский өнөктөштөрүнө дагы бир жолу кайрылып, орус күчтөрүнүн мизин кайтаруу үчүн согуштук учактарды берүүнү өтүндү.

Журналисттер "күтүүсүз" деп сыпаттаган бул визит Зеленскийдин былтыр Орусия Украинага басып киргенден берки коомчулукка белгилүү экинчи эл аралык сапары. Ал өткөн жылдын аягында АКШга барган.

Украинанын чыгышында Орусия менен айыгышкан салгылаш уланууда. Reuters агенттиги орустар эки аптадан бери Бахмут шаарын ээлөөгө аракет кылып жатканын, эки тарапта тең жоготуулар көптүгүн жазды. 8-февралга караган түнү орус күчтөрү Харьков облусуна чабуул койгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG