Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

ТИМ: Түркияда дайыны чыкпагандар арасында кыргыз жарандары жок


 Түркияда уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон.
Түркияда уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Түркиядагы кыргыз жарандарына байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, акыркы алты күндүн ичинде 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталья жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. Бул иштер уланып жатат.

“Кырсык болгон аймактардагы кыргызстандыктарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Кайрылуулардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1600гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Түркияда уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев анын сөөгүн жөнөтүүгө кабылга көрүлүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен келип, негизинен Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG