Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Соцфонддо топтолгон акчасы бар экенин билбегендер маселеси көтөрүлдү


Социалдык фонддо топтолгон акчасы тууралуу билбегендер көп экенин Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жалпы жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев айтты:

“Көпчүлүк Соцфонддо акчасы бар экенин билбейт. Ипотека 10% болгондо да мамлекеттик кызматкерлердин көбү төлөй албай жатпайбы. Ошолорго жардам болот эле. Көпчүлүк аны билбейт”.

Кыргызстанда маяна алгандардан ай сайын Социалдык фондго акча которулуп турат. Кийин жаш курагы жеткенде аларга пенсия төлөнөт. Мындан тышкары Социалдык фонддо Топтомо фонду бар. Ага ар бир жумушчунун же кызматкердин айлыгынан кармалып калган суммага жараша акча топтолуп турат. Топтолгон акчаны каалоочулар ипотекасын жапканга ала алат. Бул үчүн Соцфонд бөлүмүнө барып, канча сумма топтолгонун билсе болот.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүнкү отурумда маалымдагандай, былтыр беш ай ичинде эки миңдей адамга жалпысынан 300 миллион сомго жакын акча бөлүнүп берилди. Анын айтымында, Топтомо фондунда 35 миллиард сомдой акча бар, анын 3 миллиард 229 миллиону коммерциялык банктарда, 30 миллиард 471 миллион сому мамлекеттик баалуу кагаздарда жайгаштырылган. Жылына, Алиевдин айтымында, Топтомо фонду 6 миллиард сомго көбөйүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG