Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Блогер Атай Бейшенбек дагы эки айга камакта калды


Атай Бейшенбек сотто.
Атай Бейшенбек сотто.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бири - блогер Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын бүгүн, 16-февралда Биринчи Май райондук соту карап, дагы эки айга узартты. Учурда жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы каралууда.

Аталган сот 16-февралда журналист Айданбек Акматовду да 20-апрелге чейин абакта калтырды.

15-февралда Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 11 адамды дагы эки айга тергөө абагында калтырып, экөөнүн (Нурлан Асанбеков, Орозайым Нарматова) үй камагындагы мөөнөтүн узартты.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.(TSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG