Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Түркия-Сирия: зилзалада набыт болгондор 41 миңден ашты


Түркияда үй-жайсыз калган үй-бүлө.
Түркияда үй-жайсыз калган үй-бүлө.

10 күн мурун Түркия менен Сирияда болгон катуу зилзалада өлгөндөрдүн саны 41 миңден ашты. Миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын көбү башкалкасы жок, көчөдө калды. Эми эки өлкөдө тең бийлик менен дарыгерлерге жүктөлгөн башкы милдет – ар кандай жугуштуу илдеттердин алдын алуу. Жет титирөөдөн жабыркаган аймактарда ооруканалар жана башка инфраструктура талкаланган, таза суу тартыш. Мисалы, Кахраманмараш шаарындагы чатыр шаарчада болгону алты ажаткана бар.

Согуштун, жакырчылыктын каарын тарктан Сирияда кырдаал өтө кооптуу. Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу корунун аймактык өкүлү Лейла Бейкер Сириядагы аялдардын абалы аянытуу экенин билдирди.

“Сирияда 130-140 миң төрөт курагындагы аял бар, алар дары-дармекке, медициналык кароого жана зордук зомбулуктан коргоого муктаж. Алардын ичинен 40 миңге чукулу кош бойлуу, алдыдагы апталарда көз жарат. Көп ооруканалар, төрөт жайлары талкаланды же таптакыр шарты жок. Эң зарыл дары-дармек, медициналык каражаттар жетишпейт”, - деди БУУнун өкүлү.

Жер титирөө болгон аймактардан эл аралык куткаруучулар тобу кете баштады. Адатта адистер 48 сааттан кийин тирүү калгандарды алып чыгуу ыктмалдыгы азаярын белгилешет. Бирок 220 сааттан кийин дагы аман калгандар табылып жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Президент Эрдоган куткаруу операциясына жалпысынан 250 миңдей киши тартылганын айткан.

Түркиянын ишкерлер конфедерациясы табыгый апааттын чыгымын 84 миллиард доллардан ашат деп баалады.

Кыргызстандык 200 куткаруучу жана алты дарыгер дагы апааттын алгачкы күнүнөн тартып куткаруу операциясына тартылган. Бишкектен 80 боз үй алып барып, зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын стадионуна тигип беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG