Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Кемпир-Абад иши: Талантбек Эшалиевдин үй камагы узартылды


Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Талантбек Эшалиевдин бөгөт чарасын Биринчи Май райондук соту 16-февралда карап, дагы эки айга узартты.

Үй камагы 20-апрелге чейин узартылгандардын ичинде Нурланбек Асанбеков менен жарандык активист Орозайым Нарматова да бар. Аларга сот чечими 15-февралда чыккан.

16-февралда Биринчи Май райондук соту жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын эки айга узартты. Ушундай эле чечим учурда ооруканада жаткан саясатчы Мамбетжунус Абыловго карата да чыгарылганын кабарчыбыз билдирди.

16-февралда аталган сот журналист Айданбек Акматов менен блогер Атай Бейшенбекти да 22-апрелге чейин камакта калтырган чечим чыгарган.

Биринчи май райондук сотунун 15-февралдагы чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган 11 адам 20-апрелге чейин тергөө абагында калышты.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.(TSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG