Ооганстанда бийликтеги "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Балх облусунда атактуу ойчул, өзбек акыны Алишер Навоинин эстелиги бузулганы тууралуу маалыматты бышыктап, бул жорукту "вандализм" атады.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдиргендей, өзбек дипломаттары “Талибандын” өкүлдөрү менен байланышканда алар "белгисиз кишилердин жоругу талибдер түзгөн өкмөттүн саясатын чагылдырбай турганын" айтышкан. Алар эстеликти оңдоп-түзөп, жалпы мураска урмат менен мамиле кылышарын кошумчалашкан.
Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликке келгенден көп өтпөй Шыбырган шаарында Алишер Навоинин сүрөтү тартылган дубал кулатылганы кабарланган.
"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган. Алардын Ооганстандагы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.
Алишер Навои 1441-жылдын 9-февралында Ооганстандын Хират шаарында жашаган өзбек үй-бүлөсүндө туулганы айтылат. Чыныгы ысымы - Низомиддин Мир Алишер. Азыркы Иран, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда жайгашкан Хорасан тарыхый аймактагы белгилүү акын, суфизм багытындагы философ, мамлекеттик ишмер болгон. Ал фарс жана чагатай тилдеринде ар багытта ыр жазган жана өзүнөн кийин тарыхый китептерди калтырган.