Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду


Ош шаары. Архивдик сүрөт.
Ош шаары. Архивдик сүрөт.

Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Калаа мэриясы суу берүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулап кеткенине байланыштуу токтогонун 17-февралда кабарлады.

"Ош суу канал" кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, дарыядагы суу тунуп калса, таза суу бүгүн кечки саат 9дарда берилиши ыктымал.

Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Айрым учурда эки-үч күнгө чейин суу берилбей калат. Шаар тургундары маселени чечип берүүнү өтүнүп, бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Көйгөйдү чечүү үчүн буга чейин эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн. доллар грант катары берилген, бирок маселе чечилген эмес. 2022-жылдын август айында Ош мэриясы таза суу маселесин чечүүгө 250 млн. сомдук тендер жарыялаган.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов былтыр декабрда "Ынтымак" телеканалына курган маегинде калаада таза суу маселеси долбоор боюнча эки жылдан кийин толук чечиле турганын билдирген. Мэрдин ага чейин таза суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлөрүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG