Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Кемпир-Абад иши: абактагы аялдардын бөгөт чарасын кароо уланууда


Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи Май соту, 17-февраль, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи Май соту, 17-февраль, 2023-жыл.

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалгандардын бөгөт чарасын кароону улантты. Бул күнү сот жалпы алты адамдын бөгөт чарасын карайт.

Сотко аталган иш боюнча кармалып, камакка алынган аялдар: Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова алып келинди. Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары күтүлүүдө.

Ушул тапта Биринчи Май райондук соту экс-депутат Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап жатат.

Асия Сасыкбаева өзүнө дагы кошумча кылмыш иши козголгону тууралуу укканын айтып, аны менен тааныша электигин 16-февралда "Азаттык" радиосуна билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалган 21 адамдын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук соту 15-16-февралда караган. 18 адамды эки айга тергөө абагында калтырып, үчөөнүн үй камагын 20-апрелге чейин узарткан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын жыйырмадан ашууну камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дай киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, үчөө үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.(TSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG