Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

“Азаттык” эки министрлик менен соттошууда


Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон митинг, 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон митинг, 14-октябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаарынын эки сотунда “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча эки сот отуруму болду.

Биринчи - “Азаттыктын” Маданият министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызы каралып, сот 2-мартта уланмай болду.

Экинчи - банк эсебинен бөгөттөлүшүнө байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арыз. Тергөөчү соттук процесске себепсиз келбегендиктен ишти кароо 21-февралга жылдырылды.

Сайтты бөгөттөгөн чечимге каршы сот

Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантат.

17-февралдагы соттук отурумда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев министрлик радионун сайтын бөгөттөөдө “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузганын айтты. Анын сөзүнө караганда, кайсы бир Интернет баракчаны, сайтты бөгөттөө үчүн жеке жактардан же юридикалык тараптардан арыз болушу керек.

“Азаттыктын” жана “Настоящее время” телеканалынын материалдарына каршы кайрылуу болгон эмес. Министрликтин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө боюнча чечиминде кайсы материал жалган экени, аны ким таратканы да так белгиленген эмес.

Акмат Алагушев сотто министрликтин өкүлдөрү чечимде жок, башка мыйзамдарга да таянып туура эмес маалыматтарды берип жатканын кошумчалады.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

“Министрлик “Азаттыктын” сайтын бөгөттөп жатканда, эң биринчи чечимде башка мыйзамдарга таянган жок. Бирок азыр сотто башка, ЖМК мыйзамына, Администривдик процедуралык мыйзамга таянып жатат. Бирок сот суроо бергенде министрликтин туура эмес позициясы билинүүдө. Сот бир эле “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам боюнча карап жатат. Башка мыйзамдар жок болушу керек. Анткени министрлик өзүнүн чечиминде башка мыйзамдарга таянган эмес. Биринчиден, эч ким арыз берген эмес. Адамдык ар-намыс, кадыр-барк, ишкердик бедел боюнча гана каралышы керек. Бүгүнкү сотто согушту пропаганда кылуу, кастыкты козутуу деген нерселер айтылууда. Бул боюнча мыйзамда жазылыптырбы деген суроого жооп бере албай коюшту”, - деди жактоочу.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча “Настоящее время” телеканалынын видео материалына каршы аларга арыз түшпөгөнүн моюнга алды. Бирок ал материалда жалган маалымат жарыяланганы тууралуу социалдык тармактарда сын-пикирлер болгонун, андан тышкары министрлик Интернеттеги маалыматтарга мониторинг кыларын билдирүүдө.

“Министрлер кабинетинин анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу 2022-жылдын 8-апрелинде чыккан №204 токтому бар. Анын негизинде министрликке Интернет баракчаларга каршы жарандардын, юридикалык жактардын арызын кароо, маалымат мейкиндигин анализ кылып, мониторинг жүргүзүү укугу берилген. Андан тышкары “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесинин 2-бөлүгүндө административдик жол-жобо компетенттүү администрациялык органдын демилгеси менен козгосо болору жазылган. Ушундан улам “Азаттык Медиага” каршы административдик чара башталган”, - деди министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов.

Сотто министрликтин кызыкчылыгын коргоп жаткан юристтердин бири “Азаттык” кыргыз-тажик чек арасында бир жактуу маалымат бергенин, Кыргызстандын расмий мамлекеттик орандарынан комментарий албаганын айтты. “Настоящее время” телеканалынын соттошууга себеп болгон эфирин толук көргөн-көрбөгөнү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

“Комментарий боюнча маалыматтык саясат боюнча бөлүмдүн өкүлдөрү бар. Министрликтин басма сөз кызматына кайрылгыла. Менин комментарий берүүгө укугум жок. Мен министрликтин кызыкчылыгын коргойм. Бирок комментарий бере албайм”, - деди ал.

Соттошууга себеп болгон материал

2022-жылдын 16-сентябрында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча видео материал чыккан. Анда эки тарап бири-бирин кол салууга айыптап жатканы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” журналисттери айтып берген. Видеого Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин эки тараптын сүйлөшүүлөрү тууралуу берген комментарийи да кошулган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн.

“Азаттык” аны четке кагып, бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экенин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул ишти Бишкектин административдик сотунун судьясы Акылбек Досалиев карап жатат.

17-февралдагы сотто “Настоящее время” юридикалык жак катары Кыргызстанда катталган-катталбаганы тууралуу Юстиция министрлигине кат жөнөтүлмөй болду.

Тергөөчү сотко келген жок

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Азаттыктын” банк эсебин бөгөттөө боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арызы каралмак.

Арызда радионун банк эсебин бөгөттөөгө негиз делген документтерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербеген Жапековдун аракетинин мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү келтирилген.

Тергөөчү соттук процесске эч себепсиз келбегендиктен арызды кароо 21-февралга жылдырылды. Ишти караган судья Тилек Турдукулов кийинки процесске тергөөчү Жапековду камсыз кылууну тапшырды. Бул чечимди мамлекеттик айыптоочу тарап да колдорун билдирди.

Нурбек Сыдыков.
Нурбек Сыдыков.

“Биз 20-январда тергөөчү Улан Жапековго “Азаттык Медианын” банк эсептери кайсы протокол, кайсы токтом менен жабылганын берүүнү суранып кайрылганбыз. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс боюнча протокол, токтом бизге сөзсүз берилиши керек. Бирок бул боюнча ушул күнгө чейин жооп келе элек. Ошондуктан биз Биринчи Май райондук сотуна кайрылууга мажбур болдук”, - деди “Азаттыктын” адвокаты Нурбек Сыдыков.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалыматы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, “Азаттыктын” “Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен” чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай “Азаттыктын” банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы “Азаттыктын” юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. “Азаттык Медианын” адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал документерди берүүдөн баш тарткан.

Министрликтин “Азаттыкты” жабуу боюнча арызы

"Азаттыкка" байланыштуу соттук иштер муну менен эле токтобойт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 23-январда, “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган.

Министрлик негиз катары “Настоящее время” каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген беренесин көрсөткөн.

9-февралда Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырган. Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчү себеп болгон. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

“Азаттыктын” банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер жана медиа серепчилер сындап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG