Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Кемпир-Абад иши: Сот Карасартова менен Сасыкбаеваны абакта калтырды


Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи май соту, 17-февраль, 2023-жыл
Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи май соту, 17-февраль, 2023-жыл

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча камалган жарандык активист Рита Карасартова менен саясатчы Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап, экөөнү тең 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Ушул күнү сот аталган иш боюнча кармалып, камакка алынган аялдардын бөгөт чарасын карап жатат.

Сотко Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова алып келинген. Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары күтүлүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалган 21 адамдын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук соту 15-16-февралда караган. 18 адамды эки айга тергөө абагында калтырып, үчөөнүн үй камагын 20-апрелге чейин узарткан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн.

Көп өтпөй алардын жыйырмадан ашууну камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дай киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, үчөө үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG