Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Кыргызстанда папиллома вирусунан өспүрүм кыздардын 68% эмделди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда папиллома вирусуна каршы 163 800 кыз эмдөөдөн өттү. Бул жалпы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 68% түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги вируска каршы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 90% же 228 миңдей кызды эмдөөнү көздөөдө. Министрликтин маалымдашынча, эмдөө кыздардын болочокто жатын рагына чалдыгуусунун алдын алат.

Расмий маалыматтарга ылайык, жатын рагына жыл сайын 600 аял чалдыгат, болжолдуу 300 аял андан каза табат.

11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө былтыр, 14-ноябрда башталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9 жаштан 14 жашка чейинки – кыздарды эмдөөнү сунуштаган.

2006-жылдан бери папилломага каршы эмдөөнү дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү жүргүзүп келүүдө. Уюмдун изилдөөлөрүндө бул өлкөлөрдө папиллома вирусунун жайылышы 70%, ал эми жатын моюнчасынын рагы эки эсеге төмөндөгөнү айтылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG