Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 28-февралда фискалдык модул менен иштөө функциясы жок көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Буга чейин салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган.

"1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модул менен иштеши керек. Ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт. ККМ колдонуудан чыгарылса, кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт. Бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн", - деп билдирет аталган мекеме.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жаңылоого чакырды. Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт былтыртан тартып ККМ колдонууну талап кыла баштаган. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөргөн. 2022-жылы Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, алардын саны 65 миң 422 субъектти түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG