Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү тазаланып, чектөө алынды


ӨКМдин атайын техникасы жолду кар көчкүдөн тазалап жатат. 18-февраль, 2023-жыл.
ӨКМдин атайын техникасы жолду кар көчкүдөн тазалап жатат. 18-февраль, 2023-жыл.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү толук тазаланып, чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кар көчкү 18-февралда кечке маал толук тазаланды.

Ишемби күнү эртең менен Бишкек-Ош жолуна 180 миң метр куб кар көчкү түшүп, машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилген. Мындан улам "Арал" (Токтогул району, Жалал-Абад) жана "Сосновка" (Жайыл району, Чүй) постторунда кезекке турган жеңил жана жүк ташуучу автоунаалардын саны 500дөн ашкан. Министрлик жана жергиликтүү бийлик аларга ысык тамак берип, жылынуучу жай даярдашканын кабарлаган.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын эскерткен. Бир катар тоолуу аймактарга калың кар түштү.

Буга байланыштуу Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолу 16-февралда убактылуу жабылганын “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирген.

17-февралда Жумгал районундагы Чаек – Арал – Миң-Куш жолунун 3-чакырымында (көзөмөл посту) болжол менен 300 куб метр кар көчкү түшүп, жолдун бир тарабын жаап калганын ӨКМ билдирди. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул жол да 16-февралдан тарта убактылуу жабылган.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 302-303-чакырымына түшкөн кар көчкү 17-февралда түнкү саат 12.30 чамасында толугу менен тазаланып бүткөнүн билдирди. Айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан өзгөчө кырдаал киргизилип, жол каттамы 19-февралга чейин жабылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG