Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Бишкекте котормо китептердин сапаты талкууланды


“Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу иш-чара. 21-февраль, 2023-жыл.
“Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу иш-чара. 21-февраль, 2023-жыл.

Бүгүн, 21-февралда Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу иш-чара өттү.

Анда ушул тапта жарык көрүп жаткан котормо китептеринин абалы, көркөм котормонун сапаты, келечеги жана дүйнөлүк адабияттын тенденциялары талкууланды.

Соңку жылдары америкалык жазуучулардын ондон ашык романдары, Герман Гессе сыяктуу немис жазуучуларынын чыгармалары кыргызчага которулду. Калганы көбүнчө орус тилинен кыргыз тилине оодарылып жатат.

Талкууну эл аралык эне тил күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзу, “Бугу пресс” басма үйү, Арабаев атындагы окуу жайдын Мамлекеттик тил жана маданият институту биргеликте уюштурган. (MZh\ErN)

XS
SM
MD
LG