Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

"Баатырлар үмүтү" уюму Дубайдагы жолугушууну сындаган билдирүү таратты


Апрель окуясына арналып курулган монумент. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Апрель окуясына арналып курулган монумент. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылкы Апрель окуясында курман болгондордун жакындарынан жана окуяга катышкан адамдар түзгөн “Баатырлар үмүтү” коомдук уюму президент Садыр Жапаров менен мурдагы беш президенттин жолугушуусун айыптап чыкты. Алар өз кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Уюмдун өкүлдөрү анда бул экс-президенттерди кайтаруу болушу мүмкүн деген камтамачылыгын билдирип, мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылкы апрелдеги окуяларга, андагы өлүмдөргө күнөөлүү экендигин белгилешкен.

20-февралда Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук уюму Курманбек Бакиевге байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Дубайда Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусуна Бакиевдин катышканын сынга алган.

Ошол эле күнү Таласта өздөрүн Апрель ыңкылабынын катышуучулары деп тааныштырган топ митингге чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылып, Бакиевдин Кыргызстанга кайтышына каршы экенин айтышкан.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктиргенин Фейсбуктагы баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганын түшүндүргөн. Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен.

20-февралда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта билдирүү таратып, “мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок” деп билдирген.

21-февралда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, экс-президенттерди чогултуу максаты "ынтымакка алып келүү" болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, сүйлөшүү төрт саатка жакын созулганын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, "Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта олтурушу керектигин" белгилеген.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдердин натыйжасында 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Курманбек Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, ал өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча коюлган. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Бакиевдер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG