Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Аба ырайы: Ашууларда кар көчкү коркунучу бар


Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо учуру
Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо учуру

26-27-февраль кундөрү жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү жүрүшү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот. Айдоочулар автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарылчылык болбосо бул күндөрү алыскы жолго чыкпоону сунуштады.

27-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жок. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 7…9° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG