Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:20

Мас абалында унаа айдагандар бир жылга чейин айдоочулук укуктан ажырайт


Чүй облусу. Февраль, 2023-жыл.
Чүй облусу. Февраль, 2023-жыл.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын күбөлүгү бир жылга чейин алынат. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.

Алкоголдук ичимдик ичкенин далилдөө үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан айдоочу үч суткага камалат, эгер жанында айдоочулук күбөлүгү жок болсо, беш суткага камалат. Бир жылга чейин унаа айдоого укуксуз болот.

Мас абалында унаа айдап келатып кылмыш курамы жок жол кырсыгына кабылса, жети суткага камалат жана бир жылга чейин айдоочулук укуктан ажырайт.

Мас абалда рулга отурганы кайталанган айдоочу үч жылга чейин унаа айдоого укуксуз болот.

Ал эми айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган адам 15 миң сом айып пул төлөйт жана үч суткага камалат.

Мурдагы мыйзамдар боюнча мас абалында унаа айдаган айдоочу 17500 сом айып пул төлөп кутулчу. Алкоголдук ичимдик ичкенин текшерүүдөн баш тартканы үчүн да айып пул 17500 сом эле.

Мас абалында жол кырсыгына кабылган айдоочу 20 миң сом айып пул төлөп же беш суткага камалчу.

8-марттан тарта күчүнө кирип жаткан жаңы чараларга ылайык, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымдашынча, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталган. Андан 690 адам каза болуп, 11 миң 49 киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG