Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Тажикстанда көчкү алдында калган эки кишинин сөөгүн издөө иши уланууда


Душанбе-Кожент жолу. Архивдик сүрөт
Душанбе-Кожент жолу. Архивдик сүрөт

Тажикстанда Душанбе-Чанак автожолунда кар көчкү алдында калган эки кишинин сөөгүн издөө иши уланууда. Бийлик өкүлдөрү 26-февралда “Шахристон” ашуусунда болгон кырсыкта бир эмес, эки машине жабыркаган деп божомолдошот.

"Озоди" радиосу маалымдагандай, Чукул кырдаалдар комитетинин кызматкерлери жекшембиде эки кишинин сөөгүн тапкан.

Жолду тейлеген Innovative Road Solutions компаниясы үч киши окуя болгон жерде, дагы бирөө ооруканага баратканда каза болгонун маалымдады. Аман калган бир жүргүнчү реанимацияга жеткирилди. Дарыгерлер башынан, бутунан катуу жаракат алган аялдын абалын өтө оор деп баалашууда.

Канча киши набыт болгону тууралуу так расмий маалымат жок.

Кар көчкүдөн кийин Душанбе-Кожент жолунда кыймыл токтоп, 27-февралга караган түнү калыбына келтирилген.

Быйыл кышта Тажикстанда өтө калың кар түштү. Соңку бир айда эле кар көчкүдө 20дан ашык киши каза тапты. Алардын көбү Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы кырсык маалында өмүр менен кош айтышты.

Кошуна өлкөнүн чукул кырдаалдар мекемеси калкка көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору аймактарга барбай турууну эскертти.

XS
SM
MD
LG