Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

“Амазонду” жасалма интеллект жазган китептер каптады


Amazon Kindle интернет-дүкөнүндө ChatGPT негизинде жазылган китептер көбөйдү. Пилдердин жок болушу климаттын өзгөрүүсүн тездетет, Вьетнамда байыркы музыкалык аспап табылды. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

ChatGPT жазып берген китептер

Февраль айынын ортосундагы көрсөткүчкө ылайык, Amazon Kindle интернет-дүкөнүндө ChatGPT жасалма интеллекти автор же тең автор катары көрсөтүлгөн 200дөн ашуун китеп бар экендигин Reuters басылмасы жазды.

Айрым китептер “ChatGPTнин жардамы менен кантип контент жасаса болот?”, “Үй тапшырманын күчү” деп аталат. Жасалма интеллект жазып берген китептердин арасында “Аалам жаңырыгы” деп аталган поэтикалык жыйнак дагы бар. Андан тышкары, “Амазон” маркетплейсинин жанрлар тизмесинде жасалма интеллекттин негизинде жазылган китептер үчүн өзүнчө категория пайда болду. Мындай китептердин электрондук версиясы 3, ал эми басылып чыккан түрү 10 долларга чейин бааланууда.

Amazon интернет-дүкөнүндө мындай “жаңы жанрдагы” китептердин так санын билүү мүмкүн эмес. Анткени, айрым авторлор китеп жазууда жасалма интеллектти колдонуп же колдонбогонун ачык көрсөтүшпөйт. Amazon эми өзүндө жарыяланып жаткан китептер үчүн эрежелерди өзгөртөбү, азырынча белгисиз.

Пилдер климаттын өзгөрүүсүнөн сактайт

Американын Миссури штатындагы Сент-Луис университетинин окумуштуулары пилдерди сактоо менен айлана-чөйрөнү коргоого, климаттын өзгөрүшүнө оң таасир берүүгө мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул жөнүндө ScienceAlert сайты жазды.

Изилдөөгө ылайык, жок болуп кетүү коркунучу бар токой пилдерин сактоо бул жаныбарлар үчүн гана эмес, айлана-чөйрө үчүн да пайдалуу. Токой пилдери - көмүртек циклинин өз нугунда айлануусуна чоң таасир тийгизип турган жаныбарлар. Алар тез өсүп кетүүчү, көмүртекти аз сиңирген бийик өсүмдүктөр, бак-дарактар менен азыктанышат. Бул көмүртекти көп сиңирген, жаңы өсүп жаткан кичине өсүмдүктөр үчүн күн нурун жеткиликтүү кылып, кенен өсүшүнө шарт түзөт.

Эгер пилдер жок болуп кетсе, дүйнөдө экинчи орунда турган борбордук жана батыш Африканын тропикалык токойлору аба көмүртегин сиңирүү жөндөмүн 6 пайыздан 9 пайызга чейин жоготушат. Бул өз кезегинде жердин ысышына алып келет.

Ушул тапта жапайы жаратылышта 500 000 миң Африка пили бар экени айтылып келет. Өткөн кылымда алардын саны 3 миллиондон 5 миллионго чейин болгон. Пилдердин санынын кескин кыскаруусу алардын сөөгүн алууну максат кылган аңчылык менен байланыштуу. Окумуштуулар жогорудагы жаңы изилдөө пилдерди коргоого алуунун маанисин көрсөтөт деп ишенет.

Вьетнамда байыркы музыкалык аспап табылды

Вьетнамдын түштүгүндөгү Лонг Ан провинциасындагы археологиялык эстеликтерди казуу учурунда байыркы мезгилге таандык музыкалык аспап табылды. Бул табылга жөнүндө илимий макала Antiquity илимий журналына жарыяланды.

Адистердин айтымында, бул артефакт 2000 жыл мурунку мезгилге таандык жана ал бугунун мүйүзүнөн жасалган. Узундугу 35 сантиметрлик, башында күүлөө үчүн атайын көзөнөктөрү бар бул аспап ушул типтеги музыкалык аспаптардын эң байыркы үлгүсү болуп саналат.

Бул аймактын элинин турмушунда музыканын ролу чоң болгонун жазган макаланын авторлору жаңы табылган музыкалык аспап вьетнамдыктардын учурдагы салттуу аспаптарына окшош экенин, бул демек, Вьетнам улуттук музыкасынын тарыхы чоң экенинен кабар берерин белгилешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG