Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Жылдыздар барган сайын аз көрүнө баштады


Космос.
Космос.

Жер бетиндеги жасалма жарыктар түнкү асманга да кедергисин тийгизүүдө. Норвегиянын археологдору дүйнөдөгү эң байыркы рун жазуусу чегилген таш табылганын белгилешти. Америкалык инженерлер караңгыда жол кырсыктарын алдын алуучу жаңы детектор жасашты. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Келечекте жылдыздарды көрүү кыйынчылык жаратат

Жер бетиндеги жасалма жарыктар түнкү асманга да кедергисин тийгизүүдө. Жерден чыккан жарык түнкү асманга чагылышып, аны да жарык кылып, натыйжада жылдыздарды көрүү барган сайын кыйындап барат. Бул жөнүндө немис жана америкалык окумуштуулардын биргелешкен изилдөөсү Science илимий журналына жарыяланды.

Технологиялардын жана замандын өнүгүшү менен учурда шаарлар, ири мегаполистер кечки жана түнкү мезгилде да жаркырап турат. Бул көрүнүштүн жылдыздарга тийгизген таасирин аныктоо үчүн окумуштуулар 2011-жылдан 2022-жылга чейин 50 миңден ашуун жарандык окумуштуунун жардамы менен түнкү асманга байкоо салышкан.

Натыйжада, бул мезгил аралыгында жердеги жарыктан улам түнкү асман жыл сайын 7 пайыздан 10% пайызга чейин жарык боло берген. Ошентип, акыркы он жылдыкта эле дүйнө калкынын дээрлик 30 пайызы түнкүсүн жылдыздарды көрө албай калган.

Эгер бул көрүнүш улана берсе, ар 18 жылда биз көргөн жылдыздардын саны 2,5 эсеге кыскарат. Мисалы, 250 жылдыз көрүнгөн жерде төрөлгөн бала бой жеткенде болгону 100 жылдызды гана көрө алат.

Рун жазуусу бар таш Норвегияда табылды

Норвегиянын археологдору дүйнөдөгү эң байыркы рун жазуусу чегилген таш табылганын белгилеп, аны 2000 жыл мурдагы мезгилге таандык деп чыгышты. Бул жөнүндө Ослонун маданият тарыхы музейине шилтеме жасоо менен The Guardian басылмасы жазды.

Аталган музейдин билдиришинче, табылган жазуу Скандинавия чөлкөмүндөгү жазуу маданиятынын эң байыркы үлгүсү. Осло университетинин окумуштуулары бул табылга рун жазууларынын темир доорунда колдонулушун изилдөөгө жол ачарын айтып, бул таш Норвегиянын жана Скандинавиянын аймагында рунду ташка чегүүгө болгон алгачкы аракеттин натыйжасы болушу мүмкүн деген ойдо. Бул аймакта буга чейин таш бетине чегилген рун жазуулары табылган эмес.

Узуну жана туурасы 31-32 сантиметр келген ташта сегиз рун тамгасы чегилген. Окумуштуулардын божомолунда бул эркектин, аялдын же бүтүндөй үй-бүлөнүн аталышы болушу мүмкүн.

Жол кырсыгынан сактанууну саранчалар “үйрөтөт”

Америкалык инженерлер караңгыда жол кырсыктарын алдын алуучу жаңы детектор жасашты. Бул жөнүндө Американын химия коомчулугу билдирип, илимий изилдөө ACS Nano журналына жарыяланды.

Жол кырсыктарынын дээрлик 25% караңгы кирген учурда катталат. Өлүм менен коштолгон кырсыктардын жарымы дагы көз карайган маалга туура келет. Азыр кырсыкты алдын алуучу түзүмдөр, атайын сенсорлор болгону менен, түнкү мезгилде алардын иши жакшы натыйжа бербейт.

Мындан улам, Пенсильвания университетинин окумуштуулары энергоэффективүү, жөнөкөй түзүм ойлоп табышты. Алардын табылгасына кадимки саранчалардын коргонуу ыкмасы идея болуп берген. Саранча айланасындагы башка саранчалардын контуруна, сырткы көрүнүшүнө жана ордуна таянып, алар менен сүзүшүп алуудан коргонот.

Окумуштуулар мунун негизинде унаанын жарыгынан ориентир алып, кагылышууга жол бербей турган түзүм жасашты. Бул системаны иштеп чыгуу үчүн эч кандай радар, атайын технология керек эмес. Машинелердин жарыгы гана колдонулары белгилүү болгон.

Жарыкка сезимтал түзүм көп орунду ээлебегени жана үнөмдүү болгону менен өзгөчө. Окумуштуулар эми бул ойлоп табуу түнү катталган кырсыктардын санын кыскартууга кошумча көмөк көрсөтө алат деп ишенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG