Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Киев: Орусия Украинанын чыгышына көбүрөк аскер тартууда


Бахмут шаары. Украина, 27-февраль 2023-жыл
Бахмут шаары. Украина, 27-февраль 2023-жыл

Орусия айгышкан салгылашуулар уланып жаткан Украинанын чыгышына көбүрөөк аскер тартууда. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнун Башкы штабы билдирди. Маалыматка ылайык, Ростов облусунан 200гө жакын аскер Луганск облусунун убактылуу оккупацияланган аймагына которулду.

Башкы штаб Орусия бир суткада ирандык “Шахид” дрондорунан 12, ракеталык системалардан 55 сокку урганы кошумчалады. Ага чейин штаб түн ичинде 14 дрондун 11и атып түшүрүлгөнүн билдирген.

27-февралда Хмельницкий облусунун башчысы Александр Симчишин “Шахиддердин” соккусунан бир киши каза тапканын, төртөө жарадар болгонун, бир нече имаратка зыян келтирилгенин маалымдаган.

Киев шаарынын администрациясы тогуз дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Набыт болгондор жок.

Запорожье облусунун бийлиги тараткан маалыматка ылайык, ээн турган жарандык инфраструктуралык жайга эки дүрмөт тийди.

Башкы штаб Бахмут, Авдеевка, Шахтерск, Купянск шаарларында орус аскерлери украин жоокерлерине каршы 81 операция жүргүзгөнүн билдирди.

Орусия Бахмутка өткөн жайдан бери чабуул коюп келатат, жыл башынан бери ал жактагы аракеттерин күчөттү.

Аналитиктердин айтымында, дээрлик толугу менен талкаланган шаарды алуу Орусия үчүн стратегиялык утуш алып келбейт, бирок Москва аскерлерге дем берүү үчүн Бахмутту басып алууга маани берет.

XS
SM
MD
LG