Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Орусиянын газ-мунай экспортунан түшкөн кирешеси дээрлик 40% азайды


Орусиядагы мунай казган жер.
Орусиядагы мунай казган жер.

Орусиянын мунай жана газ экспортунан түшкөн кирешеси январда былтыркы ушул эле ай менен салыштырганда дээрлик 40% азайды. Бул тууралуу Reuters Эл аралык энергетика агенттигине таянып жазды.

Маалыматта мунун себеби Батыштын санкциялары жана баалардын чектелиши менен түшүндүрүлгөн.

Агенттик быйыл январда мунай менен газдан Орусиянын казынасына 18 жарым млрд. доллар түшкөнүн маалымдады. Былтыр ушул эле мөөнөттө 38% көбүрөөк каражат болчу.

“Мунай базарын турукташтыруу жана Орусиянын мунай-газ экспортунан алган кирешесин азайтууну көздөгөн Батыштын чаралары өз максатына жетти”, - деп айтты эл аралык мекеменин аткаруучу директору Фатих Бирол.

Агенттик жакынкы айларда Москванын кирешеси мындан да төмөндөйт деп болжолдойт.

Былтыр 5-декабрда Чоң Жети, Еврошаркет жана Австралиянын орус мунайынын бир баррелин 60 доллардан ашык баага сатып албоо чечими ишке кирген. Быйыл 5-февралда Орусиянын мунай продукциясынын баасы чектеле баштады.

1-февралдан тарта Орусия «дос эмес» мамлекеттерге мунай экспортуна тыюу салды.

Февралдын башында Орусиянын Финансы министрлиги январь айында өлкөнүн мунай жана газдан түшкөн кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46% азайганын билдирген. Буга себептердин бири катары мунайдын баасынын төмөндөшүн атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG