Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Гарварддын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын мектеп директорлорун окутушат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп директорлорун иштин заманбап ыкмаларына үйрөтүүгө дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларын аяктаган ыктыярчы адистер тобу даяр экенин 1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри кызматына сунушталган Каныбек Иманалиев билдирди.

Иманалиевдин айтымында, алар жума сайын жолугушуу өткөрүп, бир жыл иштеп беришет:

“Дүйнөдө Teach For All деген программа бар. Алардын өкүлдөрү келди. Эки жылда 300дөй мектеп директорун тез курстан өткөрүп, жаңы тажрыйбаны үйрөтүүгө даяр. Алар ыктыярчылар. Эгер айыл өкмөттөрү, акимдер тосуп алып, шарт түзүп берүүгө даяр болсо. Беш адам болсо, экөө Гарвардды бүтүп келгендер. Жаңы заманда мектепти кантип башкаруу керек экенин окутушат”.

Эл аралык Teach For All өкмөттүк эмес уюму 2007-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө анын 34 өнөктөш уюму иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев министрдин милдетин аткаруучу болуп 24-февралда дайындалган. Бүгүн анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралууда.

Кыргызстанда мектептер саны 2,5 миңге, окуучулар 1,5 миллионго чамалады.

27-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда билим берүү тармагы кардиналдуу өзгөрүүлөргө муктаж экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG