Өлкө башчысы Садыр Жапаров 3-мартта "Бир айыл - бир продукт" аталышындагы улуттук экономикалык долбоор тууралуу жарлыкка кол коюп, "Кыргызстанда жасалган" аттуу брендди түзүүнү Министрлер кабинетине тапшырды.
"Долбоорго ылайык жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция чыгаруу, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо жайылтып, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатуу пландалууда", - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Бул долбоор алкагында Кыргызстандагы ар бир айылы, шаары, району, облусу экспортко багыт алуу менен адистешип, бизнести башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну көздөшү керек.
"Бир айыл – бир продукт" долбоору Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Жапониянын JICA уюмунун ортосунда 2007-жылдан бери иштеп келет.
Долбоордун максаты - жергиликтүү жамааттар арасында чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтуу.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун негизинде өндүрүлгөн продукциялар (кийиз буюмдары, бал, кыям ж.б.) Жапония, Орусия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. (BCh)