Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

БУУ: "Талибан" аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланды

Кабулдагы аялдардын акциясы. 7-март, 2023-жыл.
Кабулдагы аялдардын акциясы. 7-март, 2023-жыл.

8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүнө карата БУУ билдирүү таратып, Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланганын белгиледи.

Дүйнөлүк уюм эл аралык коомчулук тааныбаган Кабулдагы бийликти кыз-келиндердин укуктарын чектеген эрежелерди жокко чыгарууга чакырды.

2021-жылдын августунда Ооганстандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгып кеткенде, бийликке кайра келген радикал исламчыл топ адегенде аялдардын укуктарын коргоону убада кылган.

Бирок кыз-келиндердин билим алышына, эл аралык уюмдарда, бейөкмөт мекемелерде эмгектенишине, ээн-эркин басып-турушуна тыюу салынды. Өлкөдө гуманитардык кризис күчөп, элди ачарчылык, кедейчилик тооруду.

Эл аралык эмгек уюму бул өлкөдө аялдар арасында жумушсуздук 25% өскөнүн билдирди.

7-мартта "Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Кабулда 20дай аял нааразылык акциясын уюштуруп, эл аралык уюмдардын оогандарды коргоону суранды.

"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган.

​
XS
SM
MD
LG