Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:21

Бишкекте ак элечек энелердин жүрүшү өттү


Бишкекте өткөн энелердин жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.
Бишкекте өткөн энелердин жүрүшү. 8-март, 2023-жыл.

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте энелердин жүрүшү өтүп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Иш-чараны Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстан пенсионерлер партиясы биргеликте уюштурган.

Жүрүштө улуттук ак элечек кийген аялдар Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып барды. Ал жерден акындар ыр окуп, "Манас" эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан өкүлдөр келип, министрликтин кызматкерлери, коомдук жана маданият ишмерлери катышканы кабарланды.

"Биз бүгүнкү акциябыз менен улуттук салтыбызды коргоого, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого милдеттүү экендигибизди гана көрсөтпөстөн, улуттук жашоо образыбызды, салттуу үй-бүлө сакталган коом экенибизди чечкиндүү түрдө даңазалап жатабыз. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экендигин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз", - деди эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Ал бул иш-чара президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

8-мартта Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү дагы өттү. Ал жүрүшкө болжол менен беш жүздөй адам катышты. Спорт ордосунан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эки чакырымдай жолду жөө басып өткөн жүрүштүн катышуучулары кыздардын, аялдардын бардык укуктарын сактоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу талаптарын коюшту. Уюштуруучулар акция Бишкек мэриясы жана милиция менен макулдашылганын айтышты. Иш-чаранын коопсуздугун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты.

8-мартта кыз-келиндердин шериктештик маршын өткөрүү соңку жылдары салтка айланууда. Бирок аялдардын укугун коргоо, аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы айтылган бул иш-чаралар ар кандай чагымчыл аракеттерге дуушар болгон учурлар да катталган. 2020-жылдын 8-мартында Бишкектин Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG