Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Грузияда "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы митингде ондогон адам кармалды


Грузиянын баш калаасы Тбилисиде "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы митингде алтымыштан ашуун адам кармалды. Аларга "майда бейбаштык" жана "полицияга каршылык көрсөтүү" боюнча адмнистративдик айып тагылууда. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Ошондой эле "полиция кызматкерлерине кол салуу", "мүлктү бүлдүрүү же жок кылуу" деген айыптар менен да тергөө башталды.

Маалымат каражаттары полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, үн чыгаруучу граната жана суу атма колдонгонун, жарадарлар бар экенин жазды. Жеринде медицина кызматкерлери элге жардам берүүдө.

7-мартта грузин парламенти "Чет элдик тыңчылар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документти 150 депутаттын 76сы колдосо, 13ү каршы болду жана калган 61и добуш бербей койду.

Мыйзам долбоору Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.

Оппозиция менен жарандык коом бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп баратат, авторитардык ыкмага жол ачат" деп сындап, бул мыйзамга каршы болууда.

Шаршембиде Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Берлинде жүргөн жеринен мыйзам долбоорун коргой турганын билдирди. Өлкөнүн батышчыл президенти Саломе Зурабишвили Нью-Йоркто иш чарада жүргөн жеринен Тбилисидеги миңдеген демонастранттарга тилектешигин билдирди.

Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы Кавказдагы бул чакан өлкөнүн Европа Биримдигине киришин каалаганы менен өткөн айда талаштуу мыйзам долбоорун колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG