Европа соту орусиялык ишкер, "Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин апасына салынган санкцияны жокко чыгарды.
Виолетта Пригожина Евробиримдиктин "кара тизмесине" 2022-жылдын 3-мартында киргизилген эле.
Соттун чечимине байланыштуу маалыматта Пригожина уулу менен бирге "Конкорд" кейтеринг-компаниясынын ээси экени белгиленген. Бирок акциялары бар экенине карабай, 2017-жылдан бери ишкердин энеси компанияны башкарууга аралашкан эмес.
Евробиримдиктин кеңеши Пригожина уулу менен бирге дагы башка мүлккө ээлик кыларына далил тапкан эмес.
Евгений Пригожин 2020-жылдан бери Евробиримдиктин санкциялык тизмесинде. 2016-жылы АКШ ага санкция салган. Вашингтон аны АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен "троллдор фабрикасы" менен байланышы бар деп эсептейт.