Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Тажикстанда дагы бир журналист кармалганы кабарланды


Хуршед Фозилов
Хуршед Фозилов

Тажикстанда дагы бир журналист кармалганы кабарланууда. Зарафшан өрөөнүндөгү элдин көйгөйүн көтөрүп, жергиликтүү бийликтин кемчилигин көрсөтүп жүргөн Хуршед Фозиловду 6-мартта атайын кызматтын өкүлдөрү алып кеткенин анын апасы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Пенжикенттеги бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кеткени айтылган Фозиловго кандай айып тагылып жатканы белгисиз.

37 жаштагы Фозиловдун туугандары ага адвокат берилбегенине тынчсызданууда. "Озоди" радиосу буга расмий комментарий алууга мүмкүн болбогонун жазды.

Былтыр Тажикстанда жети журналист жана блогер кармалып, 7 жылдан 21 жылга чейин эркнен ажыратылды. Аларга "жалган маалымат тараткан", "экстремисттер менен кызматташкан" деген айыптар коюлган. Журналисттер аны моюнга алган эмес.

Бул кармоолорго эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдирип, камалгандарды бошотууга чакырып келүүдө.

XS
SM
MD
LG