Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Нарын аба майданына аэровокзал курулуп жатат


Нарын облусундагы аэропортко салынып жаткан аэровокзал.
Нарын облусундагы аэропортко салынып жаткан аэровокзал.

Нарын облусундагы аэропорттун жүргүнчүлөрдү кабыл ала турган аэровокзалы салынып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, ушул тапта “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго аэровокзалдын жаңы имараты курулуп жатат жана ал апрель айында бүткөрүлөт. Андан соң аэропорттун учуп-конуу тилкеси оңдолуп, аба каттамдары такталып ачылат.

1964-жылы ишке кирген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган.

Бирок күндүз учактарды кабыл алууга уруксаты бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG