Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Чехияда жаңы президент Пeтр Павел кызматка расмий киришти


Чехиянын жаңы шайланган президенти Петр Павел ант берүү аземине жубайы менен кирип баратат.
Чехиянын жаңы шайланган президенти Петр Павел ант берүү аземине жубайы менен кирип баратат.

9-мартта Чехиянын жаңы президенти Пeтр Павел ант берип, кызматка расмий киришти. Мурдагы мамлекет башчы, өлкөнү соңку он жыл жетектеген Милош Земандын мөөнөтү ушул күнү түн жарымда аяктады.

Чехиянын төртүнчү президенти болуп шайланган Павелдин инаугурациясы Пражский градда өттү. Салтанатка экс-президенттер Вацлав Клаус менен Милош Земан келди.

Иш-чарага жалпысынан 800гө жакын адам катышканын, көбү депутаттар, сенаторлор, судьялар, ректорлор, элчилер жана башка жогорку даражалуу коноктор экенин маалымат каражаттары кабарлады.

Ант берүү аземинен кийин Павел элге кайрылуу жасап, көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди.

Жарандар президенттин кайрылуусун Пражский граддын аймагындагы мониторлордон көрүштү. Жүздөгөн полиция кызматкери коопсуздукка көз салып турду.

62 жаштагы Петр Павел 2015-2018-жылдары НАТОнун Аскердик комитетинин жетекчиси болгон. Ал Орусиянын Украинага басып киргенине каршы позицияда туруп, Чехиянын батышчыл багытын жактайт.

Январдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында отставкадагы генерал Петр Павел 58% көбүрөөк добуш алган. Анын атаандашы, мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти шайлоочулардын 42% жакыны колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG