Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

Өзбекстанда журналист Акмал Тошевдин өлүмү иликтенүүдө


Акмал Тошев
Акмал Тошев

Өзбекстандык журналист, акын Акмал Тошевдин өлүмү иликтенүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, 37 жаштагы Тошев 8-мартта көз жумган. Соттук-медициналык экспертизанын баштапкы корутундусунда ал жүрөк оорудан каза болгону айтылат. Өлүмдүн чоо-жайын прокуратура эмне үчүн иликтөөгө киришкени маалым эмес.

Кашкадарыяда төрөлүп-өскөн Акмал Тошев акыркы жылдары "Адам жана укук" гезити менен "Укук жана милдет" журналында иштеп жүргөн.

Тошев акын катары да белгилүү, буга чейин анын эки китеби жарык көргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG