Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Акылбек Жапаровдун Өзбекстандагы сапарында 15 документке кол коюлду


Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолугушуусу.
Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолугушуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстандагы жумушчу сапары алкагында 15 документке кол коюлду. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы алардын тизмесин жарыялады.

Кол коюлган документтер:

  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-чаралардын планы ("жол картасы") (2023-жылдын 26-27-январы, Бишкек);
  • Ташкент жана Бишкек шаарларында "Made in Kyrgyzstan" жана "Made in Uzbekistan" дүң жана чекене соода жүгүртүү борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү жөнүндөгү "жол картасы";
  • Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү “жол картасы”;
  • "ДТ Техник" (Кыргызстан), "НУР" (Кыргызстан) жана "Узавтосаноат" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (SKD) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • "ДАСТАН" Трансулуттук корпорациясы" (Кыргызстан) менен “Тошэлектроаппарат” (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" жана "Узкимеимпекс" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы көмүрдү жеткирүү (экспорт) боюнча 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү келишим;
  • "Бишкек машина куруу заводу" жана "ЧирчикМашАгро" ишканаларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;
  • Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Өзбекстанстандын "Агросервис оператору" мамлекеттик унитарлык ишканасынын ортосунда жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитетинин алдындагы Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Өзбекстанстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо агенттигинин Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Ак-Моюн, Кара-Моюн, Эмгек-Талаа, Сары-Ой, Учкун, Ак-Кудук жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы “Baxodir Log`on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коому менен (Өзбекстан) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн (8 миллион долларлык келишим);
  • Ат-Башы акимчилиги менен "Baxodir Log`on Tekstil" ишканасынын (Өзбекстан) ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;
  • "Vision Group" (Кыргызстан) менен "Mega Farm Service" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (10 миллион долларлык келишим);
  • "Halmion Prom" (Кыргызстан) менен “Child Toys Corporation” (Өзбекстан) ишканаларынын ортосунда Кыргызстанда эмеректерди жана желим куурларды, пластмасса буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (3 миллион долларлык келишим);
  • "Тооке ЖТ" (Кыргызстан) менен "SAYQAL" (Өзбекстан) ишканаларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (500 миң долларлык келишим).

Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган жана президент Шавкат Мирзиёев баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан.

Ал сапарынын алкагында бир катар өнөр-жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырды. Буга чейин Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG