Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Грузин премьери украин саясатчыларын "ички ишке кийлигишти" деп күнөөлөдү


Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили украиналык саясатчылардын жакында Тбилисиде болгон нааразылык акциялар тууралуу комментарийлерин "ички иштерге кийлигишүү" деп атады.

Imedi телеканалындагы интервьюда Гарибашвили украин президенти Владимир Зеленский жөнүндө сөз кылып: “Согуш менен алпурушуп жаткан адамдын Грузиядагы бир нече миң киши өткөргөн деструктивдүү акцияны комментарийлегени - анын бул жерде бир нерсе болсун деген ою бар экенине түздөн-түз далил”, - деп билдирди.

Гарибашвили украиналык саясатчылар жана "ийгиликке жете албаган" кайсы бир адамдар өзгөрүүлөр, төңкөрүштөр тууралуу сөз кылып жатканын, бул Грузиянын саясатына "түз кийлигишүү экенин" кошумчалады.

Муну менен бирге ал Украинага согушту токтотууда, тынчтык орнотууда жана өлкөнү бириктирүүдө ийгилик каалады.

“Адегенде өзүңөрдү жана өлкөнөрдү ойлоп алгыла, биз өлкөбүзгө кам көрөбүз. Муну бардыгына айткым келет”, - деди грузин өкмөт башчысы.

Өткөн аптада Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин документке каршы миңдеген кишинин катышуусунда митингдер өткөн. Оппозиция менен активисттер, студенттер мыйзам кабыл алынса, өлкө евроинтеграция багытынан чегинип, Орусиянын жолуна түшөт деп чочулашкан.

Украин лидери Владимир Зеленский жана бир катар украиналык саясатчылар Грузиядагы демонстранттарга тилектештигин билдирген болчу.

"Бизде достук мамиледеги Грузияга ийгилик, демократиялык ийгилик, европалык ийгилик каалабаган бир дагы украин жараны жок. Биз Европа Биримдиги менен бирге болгубуз келет. Болобуз!", - деп айткан Зеленский.

Тбилисиде 7-марттагы акция кагылышуулар менен коштолгон. Ошондон кийин парламент анын ичинде демилгечилер башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясы жана өкмөтчүл “Элдин күчү” фракциясы мыйзам долбоорун четке кагышты. АКШ жана Еврошаркет мыйзамды сындашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG