Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялаганын билдирди


Илмира Алпысбаева Фейсбукка Тенгиз Бөлтүрүктүн сүрөттөрүн жарыялады.
Илмира Алпысбаева Фейсбукка Тенгиз Бөлтүрүктүн сүрөттөрүн жарыялады.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу ал Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Илмира Алпысбаева ачкачылык акциясын жолдошу үй камагына чыгарылбай, ага дарыланууга шарт түзүлбөй жатканы менен байланыштырды.

10-мартта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор УКМКнын тергөө абагында жаткан Тенгиз Бөлтүрүк менен кызматкерлери жолугуп чыкканын билдирди. Мекеме буга чейин анын жубайы айткан кыйноолор боюнча маалыматты Бөлтүрүк четке какканын маалымдады.

Башкы прокуратура аны былтыр 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камаган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган.

Ал эми ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

10-февралда өкмөт "мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес" деген негизде аталган холдингди жоюу чечимин кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин берген маектеринде Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG