Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Лукашенко Тегеранда Иран менен жаңы келишимге кол койду


Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Александр Лукашенко. 13-март, 2023-жыл.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Александр Лукашенко. 13-март, 2023-жыл.

Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко 13-мартта Тегеранда Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолукту. Бул тууралуу Беларустун БЕЛТА мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лукашенко менен Раиси Беларус менен Ирандын ортосунда үч жылдык ар тараптуу кызматташтыктын жол картасына кол коюшту.

"Жол картасы Беларус менен Ирандын саясий, экономикалык, консулдук, илимий-техникалык тармактарда, ошондой эле билим берүү, маданият, искусство, медиа жана туризм тармагында ар тараптуу кызматташуусун камтыйт", - деп айтылат мамлекеттик медианын билдирүүсүндө.

Беларус менен Иран Орусиянын Украинадагы согушуна кол кабыш кылып жатат деген айыптоолорго кабылып келет. Беларус Украинадагы согушка түздөн-түз катышкан жок. Бирок орус аскерлерине Беларус аркылуу Украинага басып кирүүгө логистикалык колдоо көрсөткөн.

Согуш былтыр 24-февралда башталгандан бери Иран да Орусиянын армиясын менен кызматташтыгын кеңейткен. Орус күчтөрү Украинанын стратегиялык жайларына, анын ичинде энергетикалык инфраструктурасына сокку уруу үчүн Иранда жасалган "Шахид" дрондорун колдонуп келет.

XS
SM
MD
LG