Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Сирия менен Ирактан кайткан балдар маселеси талкууланды


Сириядан кайтарылган балдар жана аялдар. 2023-жылдын 16-февралы.
Сириядан кайтарылган балдар жана аялдар. 2023-жылдын 16-февралы.

Сириядан жана Ирактан кайтарылган балдар менен аялдарга мамлекеттен колдоо уюштуруу маселеси талкууланганын өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова бүгүн 14-мартта билдирди. Ал уюштурган жыйынга тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, жардам берүүдө чогуу кызматташуу механизмдерин карап чыгышканын, аларды кайтып жаткан балдар менен аялдарды социалдаштырууга көмөк көрсөтүүгө чакырганын айтты.

Буга чейин акыйкатчы UNICEF Kyrgyzstan уюму менен биргеликте Сириядан жана Ирактан мекенине кайтарылып жаткандардын укугунун корголушу боюнча мониторинг жүргүзүп, анда балдардын билим алууга, социалдык жана медициналык камсыздоого укугун коргоого өзгөчө көңүл бурулган.

Кыргызстан 2021-жылы жазында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 3-18 жаштагы 79 баласын кайтарып алган. Өкмөт алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүлүп берилерин билдирген.

Ал эми быйыл 16-февралда «Айкөл» миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Тирүү калган эркектери абакта, ал эми аялдар менен балдар атайын лагерлерде кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG