Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси (С.Р.К.) кармалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери менен айып коюлду.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2017-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызматкерлери Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына каражатты мыйзамсыз которгону аныкталган.

Фонддун мурдагы башчысы менен кошо курулуш ишканасынын директору (Д.А.Т.) да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратура кармалган адамдын аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Фондду ошол кезде Садыралиев Рустамбек Кадыралиевич жетектеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG