Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт көчө аймагы. 2022-жыл.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт көчө аймагы. 2022-жыл.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу аяктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 10-16-марттын аралыгында болгон кездешүүнүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Протоколдо камтылган маселелер тууралуу кенен маалымат берген жок

Кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылганын кабарлады.

Эки өлкөнүн тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ ай сайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Былтыр декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.

Анын айынан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG