Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Кемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары акцияга чыкты


"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты. 17-март, 2023. Бишкек.
"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандардын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты. 17-март, 2023. Бишкек.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын тарапташтары 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты.

“Эркиндик жана адилеттик үчүн” деген акциянын катышуучулары бийликтен абактагыларды бошотууну, соттордун көз карандысыз иштешин, сөз эркиндигине басымды токтотууну жана тынч чогулуштарга салынган тыюуну алып салууну талап кылышууда.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG