Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Аксы окуясы: Боспиек айылында каза тапкандар эскерилди


Аксы районундагы Боспиек айылында каргашада каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. 17-март, 2023
Аксы районундагы Боспиек айылында каргашада каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. 17-март, 2023

Бүгүн, 17-мартта Аксы районундагы Боспиек айылында каргашада каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Анда Аксы окуясынын жабырлануучулары ошол кездеги бийликтин куралсыз элге ок атканына укуктук баа берилбегенине нааразылыгын билдиришти.

"Аксы окуясына түз эле Акаев (Аскар Акаев, Кыргызстандын мурдагы президенти - ред.) күнөөлүү деп айта алам. Ошондуктан Акаевди өлкөгө эркин киргизбей, кылмыш ишин кыскартпастан жоопко тартыш керек. 21 жыл бою күнөөлүүлөр жазасын алган жок", - деди маркум Кадыркул Сапаралиевдин жубайы Айбарча Сатыбекова.

Эскерүүгө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Аксы окуясында Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев курман болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 17-март Аксы окуясынын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыяланган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG