Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Өзбекстан Орусиянын геосаясий өнөктөштөрүнүн индексине кирди


Владмир Путин жана Шавкат Мирзиеёв.
Владмир Путин жана Шавкат Мирзиеёв.

Британиялык The Economist журналы Орусия менен тыгыз мамиледе болгон Орусиянын геосаясий өнөктөштөрүнүн индексин түздү. Анда Өзбекстан акыркы, 12-орунду ээледи.

Ар кайсы өлкөлөрдүн дипломатиялык, аскердик жана экономикалык аракеттери тууралуу басылма чогулткан маалыматтар "акыркы, так көрүнүштү көрсөткөн жыйынтык эмес". Бул маалыматтарга таянып The Economist муну Путиндин досторунун индекси деп атады.

Индексте Өзбекстан Орусияга каршы добуш бербегени, бирок БУУнун негизги резолюцияларын колдобогону, Орусияга курал-жарак жеткирбегени, ЖККУга мүчө эместиги, анын аймагында орусиялык армия же жалданма аскерлеринин жок экени, 2022-жылдын февраль айынан бери биргелешкен аскерий машыгуулар болбогону белгиленген.

The Economist басылмасынын маалыматы боюнча, Өзбекстан Орусиядан келген газдан көз каранды эмес, бирок бул өлкө Орусияга экспортун көбөйткөн, анын жалпы соодадагы үлүшү 2022-жылы 17,9 пайыздан 18,6% чейин өскөн.

Тизмедеги эң жогорку баллга ээ болгон Армения, Беларус, Иран, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн жарымы саясат, тарых жана география боюнча Орусия менен байланышта.

2022-жылдын күзүндө Өзбекстан, Казакстан жана Орусиянын ортосунда “газ союзун” түзүү демилгеси тууралуу маалымат пайда болгон. Бирок эксперттердин баамында, экинчи даражадагы санкциялар коркунучунан улам Астана да, Ташкент да ага кызыкдар эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG